Пандия: 20 миң аял кыйноого кабылды

13-Март 2018, Шейшемби, 12:57

Калифорния университетинин окутуучусу, профессор, доктор Софья Пандия “15-июлдагы төңкөрүш аракетинен кийин Эрдоган бийлиги Кызмат кыймылына мүчө 60 миң адамды каматты. Көп сандаган билим берүү мекемелери жабылды. Далил болбосо да Эрдоган Кызмат кыймылын айыптады. Булар менен биргеликте 18-20 миң аял Түркияда камалды. 700дөн ашык бала, энелери менен абакта жатат. Эл аралык Мунапыс уюму жана Адам укуктары уюмунун байкоочуларынын баяндамаларына ылайык зордуктоо жана түрдүү кыйноолорго дуушар болгондор бар”,-деди.

Түрдүү канференцияларды өткөрүү, иш-чараларга катышуу максатында Австралияга келген Калифорния университетинин окутуучусу, профессор, доктор Софья Пандия 8-март Аялдардын эл аралык майрамына карата билдирүүлөрдү жасады. Австрлиянын маанилүү медиа уюмдарынын бири “ABC” кабар каналынын спикери Беверли О'коннордун суроолоруна жооп берген профессор Ортоңку чыгыш баштаган Ислам географиясында аялдар туш болгон кыйноо, кысым жана кыйынчылыктардан улам кайгылуу көрүнүштөр болуп жатканын баса белгиледи. Сирия жана Йеменде аялдар туш болгон кайгылуу окуяларга басым жасаган Пандия Түркияда Кызмат кыймылынын мүчөлөрүнө карата кысым жана зулумдуктарды кеп кылды.

Түркияда жамаатка мүчө аялдар кыйноого дуушар болууда

Aдилет жана өнүгүү партиясынын бийлиги (АК партия) Кызмат кыймылына мүчө аялдарга карата кысым, камоолордун жыйынтыгы тууралуу нааразылыгын айтты.

Эл аралык адам укуктары уюмунун баяндамаларына ылайык Кызмат кыймылынын мүчөлөрү Ердоган бийлиги тарабынан жаза өтөөчү жайларда кыйноого дуушар болгонун баса белгилеген Пандия 8-март майрам күнү да массалык камоолор уланганын кошумчалады. “15-июль төңкөрүш аракетинен кийин Эрдоган бийлиги Кызмат кыймылына мүчө 60 миң адамды каматты. Көп сандаган билим берүү мекемелери жабылды. Далил болбосо да Эрдоган Кызмат кыймылын айыптады. Булар менен биргеликте 18-20 миңдей аял Түркияда камалды. 700дөн ашык бала, энелери менен абакта жатат. Эл аралык Мунапыс уюму жана Адам укуктары уюмунун байкоочуларынын баяндамаларына ылайык зордуктоо жана түрдүү кыйноолорго дуушар болгондор бар”,-деди.

Йемендеги көрүнүштөр көңүл бурарлык

Кыз-келиндерге карата кысымдарга каршы биргеликте иш алып баруу керектигин белгилеген Пандия Йеменде болуп жаткан кайгылуу көрүнүштөргө токтолду. Кыйынчылыктарга дуушар болгон аялдардын үнүн жеткизүү жагынан айымдар арасындагы тилектештик үмүт жандыра турган кадам экенин баса белгиледи. ZAMAN-Австралия

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!