Путин: Чоң атам Сталинге ашпозчу болгон

13-Март 2018, Шейшемби, 15:31

Журналист Андрей Кондрашовдун “Путин” аттуу даректүү тасмасына маек берген Россиянын президенти чоң атасы Советтик лидерлер Ленин жана Сталиндин ашпозчусу болуп иштегендигин айтты.

“Чоң атам Москвага жакынкы дачаларда алгач Ленин, андан соң Сталин үчүн иштеген”,-деди.

Чоң атасы жана башка туугандары Совет мезгилинде кысымга учуруганы, сүргүнгө барып барбаганы тууралуу суроого Путин “Тескерисинче болгон. Туугандарым ошол мезгилде бааланган экен. Анткени бул адамдар өздөрүн жарым жолдо калбай турганын жакшы түшүнүшкөн”,-деди. Ошондой эле ал таятасы Биринчи дүйнөлүк согушта Чыгыш фронтунда согушканын белгиледи.

“Россияны, жарандарды коопсуздук менен камсыз кылабыз”

Маекте лидер “Биз эч кимди коркутпайбыз. Бирок жайгашкан жерибиз сыяктуу артыкчылыктарыбызды пайдаланып, Россияны, жарандарды коопсуздук менен камсыз кылабыз. Бул жагынан Россия үчүн Арктикалык аймак абдан маанилүү. Норвегия жээктеринде АКШга тиешелүү суу астында жүрүүчү кемелер күзөттө турат. Ал аймактан кое берилген ракеталар Москвага 15 мүнөттө жетет”,-деди Путин.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!