АКШнын космос күчтөрү болот

14-Март 2018, Шаршемби, 15:29

Президент Дональд Трамп өлкөдө космосто согуш жүргүзө турган жаңы куралдуу күч түзүү тууралуу оюн айтты.

Калифорния штатында “Мирамар” аскердик-аба базасында сүйлөгөн сөзүндө өлкө башчысы жаңжалдар жердин чегинен чыкканда космостук күчтөр зарыл болорун белгиледи.

“Менин жаңы улуттук космостук стратегиямда аскердик аракеттердин зонасы жерде болгондой эле абада жана деңизде болору жазылган. Бизге ал тургай космостук күчтөр зарыл болот,-деген ал.

Ошентип, АКШда аба, кургак, космостук жана флоттук же төрт түрдүү аскердик күчтөр болгону турат.

Президент алгач бул демилгени Конгресс сунуштаганда олуттуу кабыл албагандыгын, кийин чындыгында мыкты идея экенине ынанганын айтты.

“Бул чынында мыкты ой экенин, жана биз үчүн зарыл экенин билдим”,-деп кошумчалады мамлекет башчысы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!