БУУ бактылуу өлкөлөрдү атады

14-Март 2018, Шаршемби, 16:14

Бириккен улуттар уюму (БУУ) дүйнөдө 156 өлкөнүн тургундарынын жашоо жана бактысынын деңгээли боюнча баяндама жарыялады. Анда уюмдун эксперттери тургундардын өмүрүнүн узактыгы, жеке эркиндиги, социалдык колдоо, паракорчулуктун деңгээли сыяктуу параметрлерди эске алган.

Рейтингде биринчи орунду Финляндия ээлесе, экинчиликке өткөн жылдын лидери болгон Норвегия жазылды.

Үчүнчүгө Дания, кийинки орунга Исландия илинди. Алдыңкы ондукка Швейцария, Нидерланды, Канада, Жаңы Зеландия, Швеция жана Австралия кирген.

Копенгагендеги Бакыт илим изилдөө институтунун башкы директору Мейк Викинг түндүк мамлекеттери салыктын өлчөмү көп болгонуна карабастан элине жакшы шарттарды түзүп бергенин баса белгиледи.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!