Таштандыдан 8 миллион евро табылды

14-Март 2018, Шаршемби, 17:58

Германиянын Франкфурт-на-Майне шаарында таштанды салган идиштен ири суммадагы акча табылды. Бирок бары жасалма болуп чыкты.

Жергиликтүү полиция кызматына шаардык наабайканада иштеген 56 жаштагы адам сегиз миллион евро алып келген. Ал адам жасалма болушу мүмкүн экенин сезсе да өзүнө алып калууну ойлогон эмес. Укук коргоо органдары акча жасалма экени белгилүү болгондо үлгү боло турган адамга ыраазычылык билдирди.

Акча органикалык таштандылар салынган идиштен табылган жана абдан кылдаттык менен таңгакталган. Полиция текшерүүдөн өткөргөн соң мынча каражат казино үчүн даярдалганын болжолдоду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!