Казакстанда 25 жыл кул болгон (видео)

Казакстанда 25 жыл кул болгон (видео)
15-Март 2018, Бейшемби, 13:42

Новосибирскиде коомдук активисттер Казакстанда 25 жылдан бери кулчулукта жүргөн адамды куткарышты. Айылдардын биринде тамак аш үчүн кой кайтарган Геннадий Петров учурда туугандары жашаган Бийск шаарына жеткирилди.

“Созвездие сердец” кыймылынын куратору Маргарита Семикованын айтымында эч кандай документи, жашай турган жери жок 67-69 жаштагы адамды Шымкент шаарындагы кесиптештери же “Клуб добряков” кыймылынын өкүлдөрү табышкан.

90-жылдары Геннадий Казакстанга иш издеп кеткен бойдон дайынсыз эле. Өзү кулчулукка кандайча кабылганын эстей албайт. Ыктыярчы Кирилл Буньковдун божомолунда качууга аракет кылган адамдын тарамыштарын кесип салышкан. Качан гана ишке жарабай калганда аны эркиндикке чыгарышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!