Улуу Британия Россия менен мамилесин токтотот

Улуу Британия Россия менен мамилесин токтотот
15-Март 2018, Бейшемби, 15:39

ГРУнун мурдагы офицери Сергей Скрипалдын уулануусуна байланыштуу Британия Россия менен эки тараптуу байланышын үзөөрүн премьер-министр Тереза Мэй парламентте билдирди.

“Бул окуядан кийин мамилебизди мурдагыдай деңгээлде калтыра албайбыз. Андыктан биз эки тараптуу байланышты токтотобуз. Ошондой эле Тышкы иштер министри Сергей Лавровду чакырууну артка кайтарабыз”,-деди Мэй.

Британия өкмөтүнүн өкүлдөрү Англия футбол боюнча чемпионатка катышпай турганын кошумчалады.

Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров ГРУнун экс-полковниги Сергей Скрипалдын уулануусуна Улуу Британиянын жоопкерчилиги боюнча айткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!