Бөтөлкөдөгү суулардан желимдин бөлүкчөлөрү табылды

15-Март 2018, Бейшемби, 17:33

Ичүүчү суу маркаларына жүргүзүлгөн тесттердин жыйынтыгында бардыгынан желим бөлүкчөлөрү табылган.

Тогуз өлкөнүн 250 пластик суу шишелерине изилдөөнү “Orb Media” уюму жүргүздү. Жыйынтыгында ар бир литр суудан орточо 10 пластик бөлүкчөлөрү табылса, ар бири адамдын чачынан жоон экени белгилүү болду.

Бул маркалардын ээлери суу толтуруучу жайлары жогорку стандартта экенин белгилеген.

Суулар Нью-йор мамлекеттик университетинде изилденген

Иликтөөгө катышкан аталган окуу жайдын химия боюнча профессору Шерри Масон “Ар бир шишеден желимдин бөлүкчөлөрүн таптык. Бул кайсы бир марканы айыптоо үчүн эмес, пластиктин ар бир жерде тиешеси болуп жатканынан кабар берет. Ал гана эмес күндө ичүүчү сууларда да болуп жатканын белгилүү кылды. Бул кооптуу деле эмес, бирок сан катары карап көрсөк көңүл бурарлык”,-деди профессор.

Микропластик делген бөлүкчөлөрдүн саламаттыкка зыяндуулугу тууралуу далил жок. Бул боюнча иликтөөлөр эми башталды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!