Трамптын уул-келини ажырашканы калды

17-Март 2018, Ишемби, 14:02

АКШнын президенти Дональд Трамптын уулу кенже Дональд Трамптын аялы Ванесса Трамп ажырашуу доосу менен кайрылды.

Бул боюнча билдирүүн бирге жасаган жуптар 12 жыл чогуу түтүн булатышкан соң эки башка жол менен кетүүнү чечишкенин айтышты. Бул боюнча документтерин Нью-Йорк сотуна тапшырды.

Бири-бирин терең сыйлаарын айткан 40 жаштагы жубайлар 2005-жылы үйлөнүшкөн жана беш баласы бар.

АКШ медиасы бул жылдын башында булардын үй-бүлөсүндө маселе жаралып жатканын, ага кенже Трамп саякаттарга көп кеткени, медиа алар тууралуу көп жазганы себеп болгонун жазган.

Белгилей кетсек, президеттин уулунун аты акыркы мезгилдерде Россиянын АКШнын шайлоолоруна кийлигишкени тууралуу сурактарда көп кездешти. Атасы Ак сарайга кеткенде ал үй-бүлөнүн компаниясында башкы жоопкерчиликти алды. Анын үстүнө Ванесса Трамп өткөн айда күйөөсүнө келген катты ачканда ак порошок чыккан. Текшерүү иштери үчүн ооруканага жаткырылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!