Иттин алтын чапаны 1 миллион еврого сатылат

17-Март 2018, Ишемби, 14:06

Улуу Британияда иттер үчүн дүйнөдөгү эң кымбат кийим чыгарылды. Алтын жабылган, бриллиант менен кооздолгон куртка 1 миллион еврого сатыларын “Mirror” таблоиди кабарлады.

Баалуу кийимди “Doggy Armour” компаниясы сатат. Аны элиталык аксессуарларды өндүрүүчү “VeryFirstTo” компаниясы менен биргеликте тигишкен.

Кийимди чыгаргандар баалуу кийим жеңил жана ыңгайлуу экенин, иттерге сөссүз жагаарына ишендирүүдө. Ошондой эле кымбаттыгына жараша бул кийим ээсин бычактан, башка иттердин тиштеринен коргой турган өзгөчөлүккө ээ экени айтышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!