БУУда иш таштоо

17-Март 2018, Ишемби, 14:11

Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Женевадагы кеңсесинде эмгектенгендер иштөө шарттарынын начарлыгы жана маяналардагы кыскартууларга нааразылыгын билдирүү үчүн бир күн иш таштоо кылат.

БУУдагы эмгектенгендер өз ара өткөргөн добуш берүүдө миңден ашыгы иш таштоого макул болсо, 200 адам буга каршы чыкты.

Иш таштоонун айынан 26-февралда башталган БУУнун адам укуктары кеңешинин 37-отурумунун жыйындары келерки аптага жылдырылды. Ошондой эле уюмдун алкагында өтүүчү бир топ конференциялар токтотулду.

Эмгек шарттарыны начарлаганы жана айлыктарды азайтууга нааразычылыгы боюнча иш таштоого Женева кеңесинде эмгектенген 9 миң 500 кызматкерлердин көбү катышаары күтүлүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!