Мыкты мугалим 1 млн доллар менен сыйланды

19-Март 2018, Дүйшөмбү, 12:51

Ага Андриа Зафирак татыктуу болду. Конкурска 170 өлкөдөн миңдеген мугалимдер катышкан.

39 жаштагы Андриа Зафирак жылдын мыкты мугалими аталды. Ардактуу сыйлык ал айымга Дубайда тапшырылды.

Зафирак Лондондун түндүк-батышындагы Альпертон мектебинде искусство жана текстиль сабактарын окутат. Анда жакыр үй-бүлөлөрдүн балдары билим алат. Грек тектүү Зафирак окуучулар менен 35 тилде сүйлөшө алат.

“Мен окуучуларыма кам көрөм. Менин ишим сабагым аяктап, класстан чыкканда эле бүтүп калбайт. Мага алардын жашоосу кызык. Аларда кандай маселе болбосун жардам берүүгө даярмын”,-деди Зафирак "Euronews" телеканалына берген маегинде.

“Дүйнөдө мыкты мугалим” сыйлыгын бул кесиптин баркын көтөрүүнү максат кылган миллиардер Санни Варки уюштурган. Ардактуу сыйлыктын ээсине 1 миллион доллар ыйгарылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!