Согуштан калган авиабомба жарылды

19-Март 2018, Дүйшөмбү, 18:40

Италиянын Фано шаарында деңиз жээгинен табылган Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилиндеги бомба коопсуз жерде жок кылынды.

Англиядан чыгарылган авиабомба 13-марта курулуш учурунда табылган. Ошол эле күнү бийлик жээкке жакынкы шаардагы 23 миң тургунду көчүргөн. Анда бомба табылган жерден 2 чакырым аралыкта жашагандар үйлөрүнөн кетүүгө аргасыз болушкан.

Салмагы 225 килограммдык авиабомбаны жээктен эки чакырым аралыкта сууга салып, алты күн тынч коюшкан.

19-мартта эртең менен Италиянын деңиз күчтөрүнүн саперлору суунун 13 метр тереңдигине чөктүрүлгөн снарядга келишкен. Эки моторлуу кайыкка жүктөлгөн жардыруучу заттар балыктарды үркүтүүгө, бомбаны жок кылууга жумшалды.

Аба ырайынын шарты бомбаны суудан чыгарууга мүмкүнчүлүк берген эмес. Андан улам суунун түбүндө жок кылууга туура келген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!