Анжелина Жоли БУУну сындады

16-Март 2017, Бейшемби

Оскар сыйлыгынын ээси, Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Качкындар жогорку комиссарлыгынын Жакшы ниет элчиси Анжелина Жоли аталган уюмдун Женевадагы кеңсесинде өткөн “Sergio Vieira de Mello” фондунун жылдык конференциясына катышты. Анда сүйлөгөн сөзүнүн көп бөлүгүндө БУУну сынга алды.

Америкалык актриса Сириядагы ички жаңжал 7 жылдан бери уланып жатканын, дүйнө эң оор качкын көйгөйү менен алп урушуп жатканын билдирди. Ошондой эле ал Йемен, Сомали, Түштүк Судан жана Нигериянын түндүк чыгышында 20 миллиондон ашык адам ачкачылыкка кабылганын баса белгиледи. Ал жактар гуманитардык жардамга муктаж экенин айткан Анжелина Жоли бул боюнча чакырыктарга карабастан талап кылынган өлчөмдүн жарымы да чогулбаганын белгиледи. Бул маселелерди Жоли эл аралык күчтүү лидерликтин жоктугу менен байланыштырды.

“БУУ мамлекет эмес. Маселелерди чечүүгө, орток акциялар аркылуу элди бириктирүүгө аракет кылган улуттар, адамдар чогула турган жер”,-деген актриса глобалдык көйгөйлөр болуп көрбөгөндөй көбөйгөнүн баса белгиледи.

Ошондой эле ал бир топ дипломатия жана сүйлөшүүлөр аркылуу эл аралык көйгөйлөрдү чечүүгө жөндөмдүү болушу керек болгон уюм реформага муктаж экенин кошумчалады. “БУУ укмуш иштеп жатат деп эч ким айткан жок. Ансыз да андай эмес. Бул уюм кандай муктаждык менен түзүлгөнү дайыма эсибизде болуп, жоопкерчиликти мойнубузга алышыбыз керек. Өкмөттөрдүн саясаты өзгөргөндө гана БУУнун ишмердиги алдыга жылат. Андыктан жаран катары өз өкмөттөрүбүздөн өнүгүүнү талап кылалы”,-деди актриса.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!