Швецияда миңдеген балдар жоголууда

20-Март 2018, Шейшемби, 13:44

Акыркы төрт жылда Швецияда 4,5 миң мигрант балдар жоголгонун “The Local” басылмасы жазды. Өлкөнүн Миграция боюнча агенттиги 2018-жылдын алгачкы эки айында 223 бала жоголгонун кабарлаган.

Маалыматтарга караганда алар кайда экенин бийлик биле албай жатат. Булардын арасында өлкөгө өз алдынча жана ата-энеси менен келгендер бар.

2017-жылдын аягында балдар иштери боюнча жергиликтүү омбудсмен баяндама жарыялаган. Анда бул абалга байланыштуу бир топ сунуштар камтылган. Бирок алардын бири да ишке ашырылган эмес.

2015-жылы Европа биримдиги Экинчи дүйнөлүк согуштан берки эң олуттуу миграция кризисин башынан өткөрдү. Анда бул чөлкөмгө куралдуу кагылыштар болуп жаткан Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкадан 1 миллиондон ашык качкын келген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!