Принц Гарри нике келишиминен баш тартты

20-Март 2018, Шейшемби, 14:02

Үйлөнүү тойдун алдында Принц Гарри Меганга болгон сезимине ишенерин айткан. Ошондой эле нике келишимине зарылдык жок экендигин, ансыз да ажырашуу тууралуу ойлонушпаганын кошумчалаган. Бирок падышалык сарайы мындай документке муктаждык болорун, келинчек мурда ажырашканы эскертишүүдө.

Ушундай эле келишимден Гарри сыяктуу эле принц Уильям да баш тарткан.
Расмий эмес маалыматтарга караганда принцтин байлыгы 30 миллион фунт стерлинг (34 миллион евро). Ал эми келинчегинин материалдык абалы 4 миллион фунт (4,5 миллион евро) экени белгиленүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!