Тажикстан: кыз-келиндер кыска, кара кийим кийбейт

20-Март 2018, Шейшемби, 17:25

Өлкөнүн Маданият министрлиги аялзаты кандай кийинери тууралуу китеп чыгарды.

Басылма 300 нускада чыкты. Ал жети жаштан жетимиш жашка чейин кыздар жана аялдар кийиши керек болгон кийимдер тууралуу жазылган.

Бир бөлүмүндө кийүүгө эч болбой тургандар тизмектелген. Ага кара түстөгү көйнөктөр, жоолуктар, хиджаб, Европанын ачык кийимдери, кыска юбка жана жука кездемеден тигилген кийимдер кирет.

Булардан тышкары коомдук жайларда галошчон, үйдөгү кийимчен, чыптаган шым жана синтетика кездемене тигилген кийимдер менен жүргөнгө болбой турганы жазылган.

Белгилей кетсек, Тажикстандын Аялдар комитети уюлдук операторлорго смс кабарламалар аркылуу улуттук кийимдерди үгүттө жагын сунуштаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!