23 россиялык дипломат өлкөсүнө кайтты

20-Март 2018, Шейшемби, 17:40

Россиялык дипломаттар жана алардын үй-бүлөлөрү түшкөн унаалар аэропортко багыт алды. Ал жакта өз өлкөсүнө кайтаарын “ТАСС” маалымдады.

Дипломаттар Солсбери шаарында тыңчы Сергей Скрипалдын уулануусуна Россиянын катыштыгы бар деген жүйөө менен өлкөдөн чыгарылды. Ал эми Москва буга жооп катары 23 британиялык дипломатты кетирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!