Сүйгөн кызына таш белек кылды

16-Март 2017, Бейшемби

Кытайда Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун Үрүмчү шаарынын тургуну сүйлөшкөн кызына батир эмес, 33 тонна таш белек кылган. Ага 160 миң доллар жумшаган.

Лю Фэй аттуу жигит сүйгөн кызы Ван Фанфандын колун сураганда ага чейин убада кылган батирдин ордуна коллекционерден сатылып алынган жана метеорит делген ташты белек кылды. Сүйүктүүнү таң калтыруу аракети бир миллион юань же 160 миң долларга турган.

Лю Фэй роза гүлүнүн жалбырактарынан жүрөкчө жасаткан. Фанфанга күтүүсүз белек болсун деген максатта ташты кызыл кездемеге орогон.

Кыз ага турмушка чыгууга макул болгону менен белекке анча таасирленген эмес.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!