Эдвард Сноуден: “Facebook” чалгын компания

22-Март 2018, Бейшемби, 12:11

“Facebook” иш өнөктөшү “Cambridge Analytica” компаниясынан миллиондогон “Facebook” тармагынын колдонуучуларынын маалыматын колдонгону билинери менен Россияда жашаган Эдвард Сноуденден аталган тармакты жамандаган билдирүү келди. АКШнын Улуттук Коопсуздук департаментинин (NSA) глобалдык байкоо программасын чыгарып жибергени үчүн өлкөдөн чыгууга аргасыз болгон Сноуден бул тармакты “кылмышка аралашып” жүргөн “чалгын компаниясына” окшотту. Ал “Facebook” тармагынын колдонуучуларынын маалыматтарын пайдаланган саясат жүргүзүүнү каалагандыгын, бул өзгөчөлүгү менен “чалгын кызматын” эске саларын кошумчалады. Ошондой эле, 2014-жылы 50 миллион “Facebook” колдонуучусунун маалыматын чогултканын, “Cambridgre Analytica” компаниясы менен 2016-жылы Дональд Трамптын шайлоо компаниясына кызмат кылганын эске салды.

“Facebook” маалыматтарды сатып акча табат”

2013-жылы АКШда өкмөт социалдык медианын маалыматтарына кандайча жетерин Сноуден “Cambridge Analytica жаңжалы” боюнча “Twitter” тармагына жазды. “Facebook” миллиондордун жеке турмуштарына байланыштуу өз эрки менен бөлүшкөндөрүн же жашыруун маалыматты пайдаланып, сатып акча табат. Жеке жашоолорго байланыштуу каттоолорду топтоп саткандар бир учурларда “чалгын ишканасы” катары белгилүү болчу. Эми өздөрүн социалдык медиа катары атап алгандары, “Согуш министрлигинин” “Коргоо министрлиги” болуп түзүлгөн сыяктуу эле алдоо”,-деген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!