Жашылдандырууга 4 миңдей тургун катышты

22-Март 2018, Бейшемби, 13:38

Түркмөнстанда Ахал велаятында жашылдандыруу боюнча массалык акция өттү. Нооруз майрамынын урматына уюштурулган өнөктүктө “Nowruz ýaýlasy” өрөөнүндө 15 гектар аянтка тыт жыгачтары, 5 гектарга мөмө берүүчү дарактар отургузулду.

Жалпысынан жашылдандыруу акциясына 377 миң 572 адам катышып, 445 миң 130 дарак тигилди. Президент Гурбангулы Бердымухамедовдун токтомуна ылайык жашылдандыруу өнөктүгүнүн алкагында 2018-жылы 3 миллиона дарак отургузулат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!