NSA Биткоин колдонуучуларын аңдыйбы?

22-Март 2018, Бейшемби, 14:28

АКШнын Улуттук коопсуздук агенттигинин (NSA) мурдагы кызматкери Эдвард Сноуден NSA крипто акчаларды пайдалануучуларды аңдырын айтты. Ошондой эле, көбүнчө Биткоин колдонгондорго көз саларын көрсөткөн документтерди маалымат каражаттарына чыгарды.

“Bitcoin.com” сайтындагы маалыматта Сноудендин журналистикалык изилдөөлөрүн жарыялаган “The Intercept” интернет басылмасына чыгарган документтерде бул кандайча ишке ашары жазылган.

“Silk Road” аттуу онлайн соода сатык сайты аркылуу баңгизатын сатып өмүр бою эркинен ажыратылган Росс Уильям Ульбрихт ушул Биткоиндин иштеринин айынан NSAнын аңдуусуна кабылганы белгиленген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!