Жашоого ыңгайлуу жакшы шаарлар аныкталды

16-Март 2017, Бейшемби

Ташкент, Ашхабад, Бишкек жана Душанбе жашоого ыңгайлуулугу жагынан артта калды

Дүйнөгө белгилүү “Mercer” консалтинг фирмасы жашоо сапатына жараша жакшы шаарларды аныктады. 2017-жылы алар дүйнөдөгү 231 калааны изилдөөгө алды.

Орто Азиядан бул тизмеде Ташкент 205-орунга илинсе, Бишкек 207-орунду алды. Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаары өткөн жылга салыштырмалуу төмөндөп, 211-орунга жазылган. Ал эми Душанбе 215-позицияга жеткени белгилүү болду.
Тизмеде 178-катарга жазылган Алмата шаары Борбор Азия үчүн жакшы көрсөткүч алып келди.

Ал эми Вена, Цюрих, Окленд шаары эң алдыңкы орундарга жазылса, рейтинг боюнча акыркы орун Ирактын борбору Багдад калаасына берилди.

Белгилей кетсек, “Mercer” фирмасы рейтингин борборлордогу саясий, социалдык, экономикалык, маданий, билим берүү жана медициналык абалга жараша аныктайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!