АКШ Россияга каршы 250 миллион доллар бөлөт

22-Март 2018, Бейшемби, 15:23

АКШ 2018-жылдык бюджети бүгүн, 22-мартта президент Дональд Трамп кол койгондон кийин күчүнө кирери күтүлүүдө. Конгресс бюджеттин 250 миллион долларлык бөлүгүн “Россиянын таасирине каршы пайдаланылат. Өткөн жылы бул көрсөткүч 100 миллион доллар эле.

Бул каражат Россиянын таасири менен күрөшкөн фонддордун иштерине, Россияда демократияны күчтөндүрүү программаларына колдонулары белгиленүүдө.

Украинага 200 миллион доллар

АКШнын бюджет долбоорунда Украина армиясына, куралга жана аскерлерине билим берүүнү кошкондо жалпысынан 200 миллион долларлык жардам бөлүү каралган. Бюджеттик долбоор 23-мартта жума күнүнө чейин кабыл алынып, Трамптын кол коюсу күтүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!