Реформага каршы 500 миң тургун көчөгө чыкты

23-Март 2018, Жума, 14:51

Франциянын эли өкмөттүн реформа жана үнөмдөө саясаттарына нааразылыгын билдирүү максатында көчөгө чыкты. 180 жерде өткөн акцияларга 500 миң адам катышты. Париж жана Нантес шаарларында мамлекеттик имараттарга кооптуу заттарды ыргытып, боек чачкан козголоңчуларга полиция кийлигишти.

Парижде өткөн жүрүшкө 35 миң темир жолчу, 14 миң мамлекеттик мекемеде эмгектенгендер катышкан. Түштө башталган акция кечкиргенде араң аяктаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!