Илон Маск “Facebook” тармагындагы барактарын өчүрдү

24-Март 2018, Ишемби, 13:38

“SpaceX” жана “Tesla” сыяктуу ири технологиялык компанияларынын ээси, ишкер Илон Маск ишканаларынын “Facebook” тармагындагы расмий баракчаларын өчүрдү. Ал эми “Facebook” ишканасына таандык “Instagram” тармагын азырынча пайдаланып турарын белгиледи.

Маск “Twitter” тармагындагы колдонуучуларынын талабы менен ишканаларынын “Facebook” платформасындагы баракчаларын бир нече мүнөттө жаптырган.

Ишкер “SpaceX” компаниясынын барагы бар экендигин билбегендигин, жакында аны да өчүрөрүн айтты. Аталган баракчалардын 2,5 миллиондон ашык көрүүчүсү болгон.

“Cambridge Analytica” компаниясы 50 миллион адамга таандык маалыматты “Facebook” аркылуу колго түшүргөнү белгилүү болгон. Ага удаа ири компаниялар бул тармакка жарнама берүүнү токтоткон.

“Facebook” 2016-жылы 200 миллион доллардан кымбат жаңы байланыш спутнигин “SpaceX” компаниясынын ракетасы менен учурууну каалаган.

Бирок түзүм көтөрүлүп бара жатканда жарылгандыктан спутник да жок болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!