Трамп Кытай менен “соода согушунун” билигин тутантты

24-Март 2018, Ишемби, 15:20

АКШнын президенти Дональд Трамп Кытайдын товарларына жаңы бажы салыгын киргизет. Ал Ак Сарайда өткөн салтанатта бул боюнча буйрукка кол койгон. Анда өлкөсүнүн интеллектуалдык менчик укуктарын жана технологияларды коргоо максатында Кытайга карата бир нече соода чараларын киргизүү зарылдыгы жазылган.

Буйрукка кол коердон мурда сөз сүйлөгөн өлкө башчысы Кытайды дос мамлекет катары кабыл алышарын айтты. “Президенти Си Цзиньпинди сыйлайм. Түндүк Корея боюнча бизге жакшы жардам берип жатышат”,-деди.

Трамп буга карабастан АКШнын Кытайдын алдындагы соода жетишсиздигин көзөмөлдөй алгыс абалга келгенинен улам аракет кылууга аргасыз экенин белгиледи.

АКШнын президенти Кытайга киргизиле турган кошумча бажы салыгы жана инвестициялардын өлчөмү 60 миллиард доллар болорун белгиледи.

Ак сарай жарыялаган буйрукка ылайык Трамп Кытайга карата кошумча бажы салыгы жана инвестицияларды кыскартууну АКШнын Казына министрлигине, соода өкүлчүлүгүнө (USTR) тапшырды.
Ага ылайык USTR белгилеген Кытайдан чыгарылган айрым өндүрүштөргө 25 пайыздык чекте кошумча бажы төлөмдөрүн киргизүү каралган. Аталган бажы салыгы коргонуу, авиация, илим технология тармактарына багытталары пландалууда. USTR Кытайдан чыккан бажы салыгы киргизиле турган товарлардын тизмесин 15 күн ичинде коомчулукка сунуштары күтүлүүдө.
Буга сурактар себеп болду
Президенттин буйрукка кол коюсуна USTRдын Ак сарайдын талабы боюнча өткөн жайдагы сурагы себеп болду.

USTR 1974-жылдын Соода мыйзамынын 301-номерлүү бөлүмүнүн алкагында жүргүзгөн сурагынын жыйынтыгында Кытайдын АКШда өндүрүлгөн технологияларга жетүү үчүн ылайык болбогон жолдорго кайрылган өкүм чыгарылганы билдирилди.
Кытайдын америкалык ишканаларга, технологияларын колго түшүрүү үчүн инвестиция кылганы айтылган сурак боюнча баяндамада кытайлык ишканалардын америкалык ишканалар менен өнөктөштүк куруусуна да кыскартууларды киргизүү сунушталды. Ак Сарайдын жетекчилери медиа органдарына жиберген брифингде Трамп бүгүн чыгарган чечимдер менен Кытайдын адилеттүү болбогон соода ишмердиктерин аяктатууну көздөгөнүн максат кылганы белгиленди.

Бул боюнча Кытайдын Соода министрлиги АКШнын кадамына жооп кайтарып, бажы төлөмдөрү киргизиле турган америкалык товарлардын тизмесин жарыялады.

Анда чочко этине 25 пайыз, жер-жемишке, шарапка жана болоттон жасалган түтүктөргө 15 пайыз өлчөмүндө төлөм киргизүү каралган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!