​Стадиондогу жарылуудан жоготуулар бар

24-Март 2018, Ишемби, 16:05

Афганистанда стадионун киреберишинде жардыруу болду, бул тууралуу четөлкөлүк басылмалар кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Афганистандын Гилменд чөлкөмүнүн борбор шаары Лашкаргахтагы стадиондун кире беришинде дүрмөттөлгөн машине жарылып, кеминде 12 киши мерт болду, ондогону жараланды. Кол салуу эл күрөш боюнча таймаштан чыгып бараткан учурда болгон. Провинция губернаторунун маалымат катчысы жанкечти машинесин элге карай айдап барып жардырганын билдирди. Мелдеш жергиликтүү балбандар ортосунда болгон. Теракт үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!