Өрт көптөгөн адамдардын өмүрүн алды

26-Март 2018, Дүйшөмбү, 12:14

Кемероводогу “Зимняя вишня” соода борборундагы өрт көптөгөн адамдардын өмүрүн алды. Жалын 25-мартта түш жарымында же борбордо адамдар көп учурда башталган. Маалымат каражатары ал учурда кинозалдардын бири күйүп жатканын, анда төрт адам көз жумганы жазган.

Ага удаа эле жалындан кутулуу аракетин кылган, соода борборунун терезелеринен секирип жаткан видеолор тарай баштады.

Ушул эле учурда ондогон адамдар көз жумганы, дайынсыздар, жакындары байланыша албай жаткандардын саны көп экени белгилүү болду.

Төртүнчү кабаттан кутулуп чыкан трагедиянын күбөлөрү соода борборунун өрттү кабарлоочу сигналдары, өрт өчүрүүчү система иштебей турганын белгилешти.

Бул боюнча акыркы текшерүү иштери 2016-жылы жүргүзүлгөнү, анда бардыгы жайында экенин жазып чыгышты.

Өрттө көз жумгандардын өздүгү тактала элек. Расмий түрдө эртең менен 48 адам көз жумганы, алардын денеси табылганы менен күйүктөн улам таануу кыйын болуп жатканы маалымдалды.

Бийликтин реакциясы

Президент Владимир Путинге бул боюнча маалымат берилди. Ал Өзгөчө кырдаалдар министри Владимир Пучковду кырсык болгон жерге жиберип, окуяга байланыштуу көз жумгандардын жакындарына көңүл айтты.

Кремлде өлкө боюнча аза күтүү күнүн жарылоо каралууда. Саламаттыкты сактоо министри Вероника Скворцова Кемерового москвалык дарыгерлерди жөнөттү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!