Каталонияда 55 миң тургун көчөгө чыкты

26-Март 2018, Дүйшөмбү, 13:08

Саясатчы Карлес Пучдемон Германияда камакка алынып жаза өтөөчү жайга киргизилди. Каталонияга ага нааразы болгон эл көчөгө чыкты. Аймактын борбору Барселона жана ага жакынкы шаарларда он миңдеген адамдар нааразычылык акцияларын өткөрүп жатышат.

“AFP” кабар агенттиги Барселона шаарында пикир келишпестиктер болуп жатканын, окуяларда 79 адам жеңил жаракат алганын, булардын он үчү полиция экенин жазды.

Испаниянын “Efe” кабар агенттиги нааразыларды саны 55 миңге жеткенин жазды.

Европа комиссиясынын кеңселери, Германия консулдугунун айланасында чогулган демонастранттар “Саясий туткундарга эркиндик”, “бул Европаны уят кылат” деген ураандарды чакырышты.

Белгилей кетсек, Карлес Пучдемонго “козглоңго себепчи”, “козголоңчу” айыптарынын негизинде Европанын масштабында кармоо боюнча буйрук чыгарылган.

Испаниянын Жогорку соту 23-мартта Карлес Пучдемон баштаган Каталониянын 25 лидерине козголоң кылуу, кызматын кыянаттык менен пайдалануу, мамлекетке баш ийбөө айыптарын таккан.

Алар 23-мартта Дания аркылуу Германияга кирип бара жаткан учурда камакка алынган. Лидерлер Каталонияда бир тараптуу эгемендик жарыялаган референдум өткөн октябрь айынан бери Бельгияда жашап жаткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!