Америкалык Жердин түз экенин далилдегиси келген

26-Март 2018, Дүйшөмбү, 14:40

61 жаштагы америкалык Майк Хьюз газ баллон менен 110 чакырым бийиктикке көтөрүлүп, бир нече сүрөттөрдү тарта турган ракета курап жатканын “The Washington Post” басылмасы жазды.

Буга чейин ал 572 метр бийиктикте Мохава чөлүнүн үстүнөн учкан. Ракета саатына 560 чакырым аралык баскандан кийин төмөндөй баштаган. Туура конуу үчүн эки парашют кое бергенине карабастан конууда жабыркаган.

Басылма Майк Хьюз бир нече жылдан бери өзүнүн гаражында ракета куруп жатканын, аны менен Жердин түз экенин далилдегиси келгенин жазды. Түзүм 2017-жылдын ноябрь айында кое берилмек. Бирок мамлекеттик тиешелүү мекемелер уруксат берген эмес.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!