15 сантиметрлик “инопланеталыктын” сыры ачылды

26-Март 2018, Дүйшөмбү, 15:37

Стэнфорд университетинин окумуштуулары Чилиде табылган сырдуу жандыктын скелети адамдыкы экенин жарыялады. Бул боюнча “Mirror” басылмасы жазды.
Чилиде 15 жыл мурда табылган жандык окумштуулардын кызыгуусун жараткан. Бою 15 сантиметрлик Атакама деп аталган мумиянын башы конус түрүндө, ал эми кабыргасы 9 жуп болгон. Адегенде башка планетадан келгени, маймыл экени божомолдонгон.

Алгач бул мумияга кызыгуу 2013-жылы жаралып, “Сириус” аттуу даректүү тасма тартылган.

Акыры окумуштуулар “инопланалыктын” ДНКсын иликтеген. “Genome Research” журналындагы макалада склет сөөгүнүн өсүүсүнөн паталогия болгон кичине кыздыкы экенин аныкташты. Ошондой эле бул бала сейрек артефакт катары сатылганы болжолдонууда.
“Бул инопланеталыктын тарыхы катары айтылган. Чындыгында бул адамзатынын трагедиясы боюнча тарых”,-деген Стэнфорд университетинин профессор Гэри Нолан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!