Кемерово: Соода борборунда кайрадан өрт тутанды

26-Март 2018, Дүйшөмбү, 16:16

Куткаруучулар жана өрт өчүрүүчүлөр "Зимняя вишня" соода борборунда кайрадан өрт өчүрүүгө киришкенин “РИА Новости” агенттиги жазды. Коюу түтүн имараттын чатырында вентиляциялык шахтадан чыккан.

Төрт кабаттуу “Зимняя вишня” соода үйүндө 25-мартта өрт чыккан. Тилсиз жоо 64 адамдын өмүрүн алды. Ал эми жарат алгандардын көбү түтүнгө уулангандар.

Бул окуя боюнча төрт адам кармалды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!