Космос станциясы Жерге кулаганы калды

26-Март 2018, Дүйшөмбү, 17:46

2011-жылы учурулган, көзөмөлдөн чыккан “Tiangong-1” космос станциясы 1-апрелде Жерге түшүшү мүмкүн. 2016-жылы кытай БУУга космос станциясы көзөмөлдөн чыкканын билдирген.

Жердин орбитасына кайткан түзүмдүн салмагы 9,4 тонна. Анда 2013-жылдан бери эч бир астронавт иштебейт.

“Бейиш сарайы-1” деген түшүнүктү билдирген “Tiangong-1” станциясынын ири бөлүгү атмосферага киргенде күйүп жок болору болжолдонууда. Антсе да көп бөлүгү Жер жүзүнө түшүүсү күтүлөт.

Европа Космос агенттигинин (ESA) космостук калдыктар департаментинин жетекчиси Холгер Краг “Мындай чоң түзүмдөр атмосферага киргенде 20-40 пайызы Жерге түшүшү мүмкүн. Анын эч бир зыяны тийбеши ыктымал”,-деген Краг калдыктар океанга түшүшү мүмкүн экенин кошумчалаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!