Кызгылт кар жаады. Көздөрүнө ишене албай жатышат

26-Март 2018, Дүйшөмбү, 18:04

Европанын чыгышында жааган кызгылт кардын сүрөттөрү кеңири талкууга алынды. Россия, Болгария, Украина, Румыния жана Молдовадан келген бул көрүнүштөр социалдык медиада рекорддук көрсөткүчтө көрүүчү тапты.

“BBC” кызматындагы кабарларда метеорологдор бул феноменди Сахара чөлүнөн келген чаңдуу булут, андан жааган кар аралаш жамгыр менен түшүндүрүшкөнү жазылды.

Чөлдүн чаңынын кар жана жамгырга аралашып жерге түшкөнү беш жылда бир болчу көрүнүш экени белгиленүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!