​Ажатканадан “Айфонду” алам деп каза болушту

27-Март 2018, Шейшемби, 13:08

Өзбекстандын Наманган облусунда ажатканага түшүп кеткен “Айфонду” алып чыгабыз деп 3 жаран каза болду. Бул тууралуу Азаттыктын өзбек кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык 25-мартта Поп районундагы үйлөрдүн биринде болгон. Анда ажатканага түшүп кеткен уюулдук тедлефонду алып чыгыш үчүн 32 жаштагы жаран белине жип байлап, ажаткананын чуңкуруна түшкөн. Ал иске ууланып эсин жоготкон. Аны куткарууга аракет кылган 33 жаштагы коңшусу да ууланган. Экөөнө көмөктөшүп жаткан үй ээси да иске ууланган. Куткаруучулар келгенде эки киши каза болгону аныкталган. Ал эми үй ээси ооруканада көз жумган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!