Орус дипломаттары 15 өлкөдөн чыгарылды

27-Март 2018, Шейшемби, 15:27

Мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипаль жана кызынын уулануусуна айыпталган Россияга киргизилген санкциялардын алкагында АКШ баштаган 15 өлкө орус дипломаттарын чыгарууну чечти.

Дональд Трамп Скрипаль жаңжалынан улам 60 орус дипломатын чыгарат. Алардын кырк сегизи Россиянын Вашингтондогу элчилигинде иштегендер. Калганы Нью-Йорктогу БУУнун кеңсесиндеги кызматкерлери. АКШдан чыгууга аларга 7 күн убакыт берилди.

Буга жооп катары Россия 60 америкалык дипломаты кетиргени калды.

Европада 14 өлкө дал ушундай чечим чыгарды

Варнада өткөн маалымат жыйынында Европа биримдигинин кеңешинин төрагасы Дональд Туск “Европа биримдигине мүчө 28 өлкөнүн он төртү Лондонго тилектештигин билдирет. Алар Скрипаль кризисинен улам орус дипломаттарын чыгарат”,-деди.

Ал мамлекеттер төмөндөгүчө

Польша: 4

Литва: 3

Латвия: 1

Голландия: 2

Украина: 13

Франция: 4

Дания: 2

Чехия: 3

Эстония: 1

Германия: 4

Италия: 2

Сергей Скрипаль жана кызы Юлия Солсбери шаарында 4-мартта ууланган. Британиялык адистер совет мезгилинде чыгарылган газдан ууланганын болжолдошкон. Лондон Москваны тыңчыга кол салуу менен айыптап, Британиядан 23 россиялык дипломатты чыгарган. Россиянын ТИМи бул айыптоолор далилсиз экенин бир нече ирет билдирди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!