Ташкенттин көчөлөрү сууда калды (видео)

27-Март 2018, Шейшемби, 17:44

Узакка созулган жазгы жамгырдан кийин Ташкенттин көчөлөрүн суу каптаганын “uznews.uz” сайты кабарлады.

Бир нече саатта арыктар сууга толуп, жолдордо жана тротуарларда көлчүктөр пайда болгон.

Ташкенттин айдоочулары социалдык тармактарга суу каптаган борбордун көчөлөрүн видеосун койгон.

Эске сала кетсек, “Узгидрометтин” маалыматына караганда 26-27-марта Өзбекистандын аймагында Каспий деңизинен келген аба массаларынан улам нөшөрлөгөн жамгыр жаарын кабарлаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!