Россияда аза күтүү күнү жарыяланды

28-Март 2018, Шаршемби, 11:00

Россияда бүгүн, 28-март Кемеровадагы өрттүн курмандыктарын эскерүү күнү деп жарыяланды. Ошондой эле “Зимняя вишня” соода борборундагы өрттөн көз жумгандар жерге берилет.

Эске сала кетсек, Кемероводогу төрт кабаттуу соода борборунда жекшемби 25-мартта өрт чыккан. Расмий маалыматарга караганда кырсыкта 64 адам көз жумду. Алардын кырк бири-балдар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!