​Улуттук банктын кирешеси бюджетке которулат

12-Апр. 2018, Бейшемби, 10:15

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков “Улуттук банк, банктар жана банк иштери жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамына кол койду. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган мыйзамдын максаты республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү болуп саналат. Тактап айтканда, мыйзамда Улуттук банктын пайдасынын эсебинен республикалык бюджетке которулуучу өлчөмүн жетимиш пайыздан токсон пайызга көтөрүү каралган.

Ошондой эле, 2017 жана 2018-жылдардын жыйынтыктары боюнча Улуттук банктын пайдасын республикалык бюджетке которуу каралган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана 2019-жылдын 30-апрелине чейин колдонулат.

Эскерте кетсек, бул мыйзам Жогорку Кенеш тарабынан 28-февралда кабыл алынган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!