​Мамлекеттик карыз 4,4 млрд. долларга жетти

8-Май 2018, Шейшемби, 14:16

Марттын аягына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 23 млн. долларга көбөйдү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 31-мартка карата мамлекеттик карыздын жалпы суммасы 4 млрд. 425 млн. долларга жетти. Мунун ичинен тышкы карыз 3 млрд. 899 млн. долларды, ички карыз 526,6 млн. долларды түзөт.

Кыргызстандын эң көп карызы Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына туура келет. Башкача айтканда 1,7 млрд. доллар карыз.

Маалымат катары январь-март айларында мамлекеттик карызды төлөөгө жалпысынан 2,4 млрд. сом бөлүнгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!