​Кыргызстан аркылуу Кытайга газ куурун куруу каралууда

10-Май 2018, Бейшемби, 13:07

2019-жылы Түркмөнстандын газын Кыргызстандын аймагы аркылуу Кытайга жеткирүү долбоору ишке киргизилет. Бул тууралуу Энергетика, өнөр жай жана жер казынасы боюнча мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын аймагында газ куурун орнотуу иштери 2019-жылы башталып, 2022-жылы бүткөрүлөт. Учурда протоколго долбоорду куруу жана ишке ашыруу мөөнөтү боюнча өзгөртүүлөр киргизилип жатат.

Мурунку келишимде каралган мөөнөт айрым себептерден улам ишке ашпай калган. Маселен, Түркмөнстанда газды өндүрүүдө маселе жаралган. Газ кууру Тажикстан аркылуу келгендиктен ал жактагы иштер бүтпөй калган.

Протоколго киргизилген өзгөртүүлөр президенттин июнь айында Кытайга боло турган сапарында талкууланат.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын аймагы аркылуу 215 чакырымды түзгөн газ куурун өткөрүү боюнча келишимге 2013-жылы Кытай лидери Си Цзиньпиндин Борбор Азияга жасаган иш сапарынын алкагында кол коюлган. Анда курулуш иштери ошол эле жылы башталып, 2016-жылы аяктай тургандыгы каралган. Долбоордун суммасы 1,2 млрд. долларга жетет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!