​Кен казуунун көлөмү 3,8 млрд. сомду түздү

​Кен казуунун көлөмү 3,8 млрд. сомду түздү
12-Май 2018, Ишемби, 14:06

2018-жылдын 4 айында пайдалуу кен казуу иштеринин жалпы көлөмү 3,8 млрд. сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка караганда, январь-апрель айларыны ичинде электр энегиясы, газ, буу жана кондиционерленген аба менен камсыздоо 15,8 млрд. сомго аткарылган. Суу менен камсыздоо калдыктарды тазалоо жана кайра иштетүүнүнүн үлүшү 628,2 млн. сомго жеткен. Ал эми токой чарба, балык өстүрүү жана айыл чарбасынын дүң өндүрүмү 30,9 млрд. сомду камтыган.

Ошондой эле мейманкана тамактануу кызматтарынын кирешеси 4,9 млрд. сом болгон. Жүк ташуу тармагында болсо 9,2 млрд. сомду камтыган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!