​Мигранттардан 500 млн. доллар келген

​Мигранттардан 500 млн. доллар келген
14-Май 2018, Дүйшөмбү, 13:36

2018-жылдын беш айында мигранттардан которулган акчанын суммасы 496 млн. долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылы 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу акча которуулардын саны 51,6 млн. долларга өстү. Кыргызстанга которулган каражаттын басымдуу бөлүгү Россиядан келген.

Март айындагы көрсөткүч 188,4 млн. долларды түзгөн. Бир ай ичиндеги өсүш 26,7 млн. долларды түзгөн.

Ал эми Кыргызстандан башка мамлекеттерге 105,9 млн. доллар которулган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!