​Кумтөр: үч айда 3 тонна алтын өндүрүлдү

​Кумтөр: үч айда 3 тонна алтын өндүрүлдү
16-Май 2018, Шаршемби, 09:59

“Кумтөр” кенинде үстүбүздөгү жылдын 1-кварталында 100 миң 220 унций же 3 тонна 64 кг алтын өндүрүлдү. Бул тууралуу "Centerra Gold Inc." компаниясынын маалымат кызматы билдирди

Маалыматка караганда, жалпысынан ишкана 153 млн. доллар киреше тапкан. 2018-жылдын март айынын аягына карата өндүрүлгөн алтын өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 127 миң 400 унций алтынга аз.

Өндүрүштүн аз болгондугуна Сары-Төр участкасында курамында алтын азыраак камтылган казылмалар табылганы себеп болгон. Тоо кен иштериндеги чыгымдар 3 айда 51,1 млн долларды түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу көп коромжу болгон. Анын ичинде казуу иштеринде күйүүчү майдын көп колдонулгандыгы, руданы кайра иштетүүдөгү чыгымдар 15,5 млн. долларга жетти.

Ошондой эле 3 ай ичинде аталган компаниядан Социалдык фондго которуу, салык жана башка төлөмдөрдүн негизинде бюджетке жалпы 1,97 млрд. сом. түшкөн

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!