​1-кварталда ЕАЭБке товар жөнөтүү азайган

​1-кварталда ЕАЭБке товар жөнөтүү азайган
16-Май 2018, Шаршемби, 10:39

Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында Кыргызстан ЕАЭБке кирген мамлекеттер менен болгон товар алмашуу 503,1 млн. долларды түзгөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3 пайызга аз. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка караганда, Россияга кебезди экспорттоону 5 эсеге, электр трансформаторлорун 3 эсеге жана каймак-майды 3 эсеге же 19,8 пайызга көбөйттү.

Ошондой эле январь-март айынын аралыгында айнекти экспортто 1,7 эсеге, кургатылган буурчак жашылчаларын жөнөтүү 24,1 пайызга, электр лампочкасын экспорттоо 13,2 пайызга жана аялдардын трикотаж кийимдерин жиберүү 6,9 пайызга төмөндөгөн.

Ал эми Россиядан ташылып келген товарлардан түтүктөдү алып кирүү 3,5 эсеге, болоттон жасалган зымдарды алып кирүү 1,8 эсеге, жыгач сүрүндү тактасын алып келүү 68,4 пайызга, мунай заттары ташып келүү 66,9 пайызга, куштун эти жана андан жасалган азыктары ташып келүү 45,2 пайызга, андан тышкары шоколад сыяктуу товарларды алып кирүү 8,1 пайызга өскөн.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!