​5 айда салыктан 30,8 млрд. сом жыйналды

​5 айда салыктан 30,8 млрд. сом жыйналды
1-Июнь 2018, Жума, 16:00

2018-жылдын январь-май айларында Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 30 млрд. 819 млн. сом суммасында салыктар жана төлөмдөр чогултулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, салык кызматы үстүбүздөгү жылдын 5 айында коюлган планды 101,6 пайызга аткарышкан, башкача айтканда план 474,5 млн. сомго ашыгы менен аткарылган.

2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү 3 млрд .28,1 млн. сомго же 10,9 пайызга жогорулаган..

Ал эми май айында 6 млрд. 268,2 млн. сом суммасында салыктар чогултулган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!