Мамлекеттик карызга 2 млрд. сом жумшалды

Мамлекеттик карызга 2 млрд. сом жумшалды
5-Июнь 2018, Шейшемби, 15:38

Май айында бюджеттен 10 млрд. 339 млн. 452,2 миң сом керектөөгө жумшалган. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, көрсөтүлгөн сумманын ичинен:

- бюджеттик мекемелерде иштегендердин айлыгына 2 млрд. 601 млн. 285 миң сом,

- калкка социалдык көмөктөшүү боюнча жөлөк пул үчүн 648 млн. 695,2 миң сом,

- социалдык камсыздоо жөлөк пулга 3 млн. 620,4 миң сом,

- имарат жана курулуш беренеси боюнча 540 млн. сом. жумшалган.

Ал эми мамлекеттик карыз үчүн 1 млрд. 918 млн. 965 миң сом которулган.

Ички тышкы карыз үчүн январдан-апрелге чейин жалпы 11 млрд. 477,7 млн. сом сарпталган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!