​Бюджеттин көлөмү 58 млрд. сомду түздү

​Бюджеттин көлөмү 58 млрд. сомду түздү
7-Июнь 2018, Бейшемби, 13:57

Үстүбүздөгү жылдын 5 айынын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик бюджеттин жалпы көлөмү 57 млрд. 909 млн. сомду түздү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 2018-жылдын январь-май айларында бекитилген план 104,1 пайызга аткарылган же 2 млрд. 281,7 млн. сомго ашыгы менен аткарылган. Өткөн жылга салыштырмалуу 3,1 млрд. сомго көп болгон.

Бюджетке түшкөн каражаттын 45 млрд. 740,5 млн сому салыктан түшкөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!