​Май кымбатташы мүмкүн

​Май кымбатташы мүмкүн
8-Июнь 2018, Жума, 09:28

Май айында өлкөдө бензин менен дизелдин баасы он пайызга жогорулады. Бул тууралуу Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясы билдирди.

Маалыматка караганда, майдын баасынын кымбатташына Россиянын заводдорунда баалар 10 пайызга кескин кымбаттап кеткени себеп болгон. Мындан улам Кыргызстандагы компаниялар бааны эки сомго көтөрүшкөн. Жакынкы убакта дагы 2-3 пайызга жогорулатышы ыктымал.

Учурда өлкөдө күйүүчү майдын бир литри үлгүсүнө жараша 42 сомдон 48 сомго чейин сатылууда.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!